Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Дарига Назарбаева Сенаттын төрагалыгынан атасынын каалоосу менен кетти, - Бакыт Бакетаев

04.05.2020 10:53
1274
Дарига Назарбаева Сенаттын төрагалыгынан атасынын каалоосу менен кетти, - Бакыт Бакетаев


Дарига Назарбаеваны Казакстандын Сенатынын Жогорку палатасынын спикерлик кызматынан алуу, депутаттык мандатынан ажыратуу чечими президент Касым-Жомарт Токаевдин саясаты эмес, атасы, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу болду окшойт, деп билдирди саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Анын пикиринде, 21-кылымда дүйнө жүзү боюнча бийликти эч ким өмүр бою колуна кармай албайт. “Мына ушуну түшүнүп, Нурсултан Абишевич кызына айтты окшойт, “элге иштеп бердик, бийликтен акырын жылуу керек” деп. 1-2 жылда өзү да кызматтан кетип, эс алат деп ойлойм”, - деди саясий эксперт.


Анын айтуусунда, бул Ж.Токоевдин саясаты эмес, муну Назарбаев чечти. “Мындай кадамы менен Назарбаев даанышмандыгын көрсөттү жана Европанын баалуулуктарына бир кадам таштады”, - дейт ал.


Б.Бакетаевдин айтуусунда, Д.Назарбаева кызматтан ушуну менен алыс кетти деп айтууга болбойт, себеби саясаттан алыс кете албайт. Келээрки президенттик шайлоого партиянын атынан ажолукка аттанат. Ага чейин 2-3 жыл даярданып, күчтөнүп келүүнү пландап жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн