Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дарига Назарбаева коронавируска байланыштуу Кыргызстанга келбей калды

13.03.2020 15:57
990
Дарига Назарбаева коронавируска  байланыштуу Кыргызстанга келбей калды


Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Мындай чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.


Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту.


Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү. 


Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди. Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн