Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Дарыгер Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамын жокко чыгарууга чакырды

18.04.2021 17:03
1176
Дарыгер Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамын жокко чыгарууга чакырды

2020-жылы коронавирус күч алганда Москвадан Кыргызстанга келип кызыл зонада иштеген дарыгер Айсулуу Атаканова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамын алууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазган.


Ал өз кайрылуусунда КММАнын жамаатына жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, Бейшеналиевдин илимий даражасы боюнча чара көрүүнү суранган.


"Ал Кыргызстандын илимий коомчулугунун беделин түшүрдү, жүздөгөн профессорлордун жана илимдин миңдеген кандидаттарынын кадырын түшүрдү. Министрдин бул аракетинен кийин диссертациялар жана илимий наамдар эч нерсеге арзыбайт. Ал мыйзамды гана бузбастан, медицинанын да мыйзамын бузду",- деп билдирүү калтырган Атаканова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн