Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгер Зурдинова: Пневмонияга жеткирбей, дарыланганга аракет кылгыла

29.06.2020 17:04
1461
Дарыгер Зурдинова: Пневмонияга жеткирбей, дарыланганга аракет кылгыла


Март айынан бери Кыргызстанда 1145 адам пневмонияга чалдыгыптыр. Азыр тургундар коронавирустан эмес, пневмониядан каза болуп жатышат. Экөөнүн кандай айырмасы бар? Мындай суроону "Биринчи радионун" түз эфириндеги талкууда Кыргызстандын жараны адистерге узатты. 


Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы клиникалык фармакологу, медицина илимдеринин доктору Аида Зурдинова пневмония бул өпкөнүн сезгениши экенин айтты. 


"Азыр пневмония менен ооругандар көбөйүүдө. Бул - өпкөнүн шамалдашы, сасык тумоонун кабылдап, өпкөгө таасир бериши. Сасык тумоо менен ооруган адамдын организми начар болсо, пневмониянын пайда болушуна шарт түзүп берет. Эгерде адам организми күчтүү болсо сасык тумоону тез жеңе алат.  Өпкөнүн жабыркашына бактериялык вирустар, грибоктор себеп болот. Мында жөтөлөт, мурду бүтөт, дене табы көтөрүлөт, ал эми оору өөрчүшүп кеткенде б жөтөл күчөп, жыйынтыгында өпкөнүн альвеолаларына суу толо баштайт. Оргнизмде тромдор пайда боло баштайт. Ошон үчүн оорунун белгилери башталганда эле пневмонияга жеткирбей, өзүн карап, дарыланышы керек. Демигип, аябай оор болуп калганда эмес, биринчи белгилери болгондо дарыгерге айтып, фелефондон кенеш алуу шарт", - деди ал.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн