Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дарыгерлер 100 пайыз көтөрүлгөн айлык маянага эмне үчүн нааразы?

10.05.2021 08:24
1047
Дарыгерлер 100 пайыз көтөрүлгөн айлык маянага эмне үчүн нааразы?

Үй-бүлөлүк дарыгерлер жаңы чегерилген маянага нааразы. Анткени мурда 15 миң алган кызматкер эми 10 миң сом айлык алып калган. 


Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун дарыгери Айнуска Айдарали кызынын айтымында, мурда ал 15 миң сом айлык алса, 100% жогорулагандан кийин тескерисинче беш миң сомго кыскарып кеткен.


«Мурун айлыктарыбыз индикатор менен эсептелчү да. Ошол система бизге жакшы болчу экен. Азыр негизги маянабыз беш миң, 100% кошулганда 10 миң сом эле болуп калды да». 


Өкмөттүн №134 токтомуна ылайык, өлкөдө медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт. Биринчи этапта үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 100%га көтөрүлсө, кийинки этапта жалпы медицина кызматкерлери 50%га көбөйтүлгөн эмгек акы ала баштайт.


Ага ылайык:


Жетекчилик кызматты аркалалагандардын маянасы — 50%;

Врачтардын маянасы — 50%; 

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы — 100%;

Орто даражадагы кызматкерлердин маянасы — 50%;

Кичи даражадагы кызматкерлердин маянасы — 50%;

Башка кызматкерлердин маянасы — 50% көтөрүлөт.

Ош облустук саламаттыкты сактоо координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлери апрель айындагы маяналарын алып бүтүшкөнүн, баары эле ыраазы экенин белгилейт.


«Жалпы дарыгерлик-практикалык борборлордо иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек маяналары 100%га көтөрүлдү да. Азыр баары алып бүтүштү. Анча-мынчасы нааразы болуп аткандыр. Бирок көпчүлүгү ыраазы эле болуп атышат». 


Белгилей кетчү жагдай, учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысын баалоо тартиби да өзгөргөн. Буга чейин алардын маянасы 12 индикатордун негизинде эсептелип, топтогон баллына жараша айлык акы алышчу. Азыр эми кайра мурдагыдай базалык маяна чегерилүүдө.


«Бул жерде мынанча айырма болуп атат деп биз баса белгилегенге болбой калат. Себеби индикатор ар айда ар кандай болуп аткан. Кээ бирде 12 индикаторду 100% толтургандардын айлыгы 19 миң сомго чейин чыгып кетип аткан. Ал эми толтура албай калгандарга аз чыкчу. Базалык айлык ал маалда 5 миң эле болчу да. Андан тышкары үй-бүлөлүк дарыгерлерге кошумча төлөмдү да алып салган болчу. Бир чети базалык маянаны көбөйтүп, индикаторду жок кылганы жакшы. Индикатор кээде бар болуп калат, кээде жок дегендей. Министрлик, өкмөт жөндөн-жөн эле жок кылбады болсо керек. Себеби индикаторго кирбей калган оорулуулар каралбай калышы мүмкүн», -дейт Милдеттүү камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы Алтынбек Зулпукаров.


Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча токтомду ушул жылдын 8-апрелинде кабыл алган. Маяналардын көтөрүлүшү менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2021-жылга кошумча 1 миллиард 612 миллион сом керектелет.


Булак: T-media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн