Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:04
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыгышты

02.10.2023 15:39
380
Дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыгышты


Кыргызстандын дарыгерлери 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограммга чукул чач алып чыгышты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев билдирди.


Анын айтымында, бейтап ооруканага сентябрь айында кайрылып, дайыма жүрөгү айланып, кускусу келерин айткан. Ал дурустап тамак иче албай, арыктап, гемоглобини түшүп кеткен.


"Жыйынтыгында дарыгерлер анын ашказанына операция жасап, 4 килограммдай чач, жүн алып чыгышкан", — деген дарыгердин орун басары.


Операция ийгиликтүү аяктап, кыз ооруканадан чыкканы, тамакты жакшы ичип калганы маалым болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн