Калк менен тыгыз байланышта иштегендиктен, коронавирустук инфекциядан коргонууну күчөтүү максатында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын дарыгерлери СOVID-19га каршы вакцинанын бустердик дозасын алышууда. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 7-августта COVAX механизминин алкагында 100620 Pfizer вакцинасы алып келинген.
Анын эриткичтери 28-августта келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн