9-майга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Алар: Бишкек шаарында
– 1
Жалал-Абад облусунда – 1
Нарын облусунда – 3.
Жалпысынан
республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 231 учур катталды, алардын ичинен 166
медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, коронавирус жалпы 931 учурга жетти. Бейтапканада 261 адам дарыланып жатса, алардын ичинен реанимациядагысы 6 киши. Ооруканадан чыгарылды 658, каза тапканы 12 адам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн