Дарыгерлер биринчи адамдын көңүлүн дарылагыла. Мындай пикирин экс-депутат Садык Шер-Нияз Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал өкмөткө караштуу атайын ооруканада дарыланып жаткан Бексултан Жакиевден кабар алганы барган.
"Бексултан байкебиз ооруп калып, дарыланып жатыптыр деп барсак, коридордогу дарыгер аябай суук мамиле жасады. Ызы-чуу чыгарбайлы деп унчукпай кайта бердик. Дарыгерлер биринчи көңүлдү дарылаш керек. Соо адамга ушундай мамиле кылса, оорулууну билбейм",- деген Шер-Нияз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн