Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:15
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Дарыгерлер эмнеге коронавирус жуктуруп алып жатканы тууралуу министрлик жооп берди

15.04.2020 11:01
1021
Дарыгерлер эмнеге коронавирус жуктуруп алып жатканы тууралуу министрлик жооп берди


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйында медицина кызматкерлери инфекцияны жуктуруп алуусунун себеби эмнеде деген суроого жооп берди.  Ал дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешерин, ошондуктан алар дагы вирусту жугузуп алып жатканын айтты. Бирок так аныктоо үчүн учурда медицина кызматкерлерине жуккан инфекция боюнча кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 


"Медицина кызматкерлерине жуккан инфекция боюнча эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. COVID-19 инфекциясында жуктуруу деӊгээли – эң жогорку. Дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешет, ошондуктан алар дагы вирусту жугузуп алууда. Биз алардын коопсуздугу үчүн чараларды көрөбүз. Бүгүнкү күндө чек аралар ачылып, жеке коргонуу каражаттары гуманитардык жардам катары келе баштады. Жүктөр кандай келери менен биз аларды дароо инфекция жуккан бейтаптарды дарыланып жаткан уюмдарына жөнөтөбүз", - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн