Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгерлер вирусту жуктурган ар бир учур териштирилип, тийиштүү баа берилет, - министр

09.04.2020 12:59
975
Дарыгерлер вирусту жуктурган ар бир учур териштирилип, тийиштүү баа берилет, - министр


Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алган окуяларды  иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. 


Маалыматка ылайык, медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.


“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Абдикаримов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн