Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Дарыгерлерди коронавируска чалдыкты деп каттап, 200 миң сомдон өндүрүүнү көздөгөн топ пайда болду"

14.05.2020 10:19
2155
"Дарыгерлерди коронавируска чалдыкты деп каттап, 200 миң сомдон өндүрүүнү көздөгөн топ пайда болду"


Коронавируска байланышкан кыйын кырдаалдан айрым чиновниктер пайдаланып жатышат, деп билдирди депутат Мирлан Маматалиев бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ар түрдүү маселелерди кароо учурунда.


Анын айтымында, учурдан пайдаланып, азык-түлүк баасын негизсиз көтөрүп жаткандар катталып жатат. Ошондой эле элден чогултулуп жаткан акча каражаттары максатсыз пайдаланып жатат.


Мындан тышкары аймактарга барып, “коронавируска чалдыкты деп каттап, 200 миң сом бөлдүрүп, анын 100 миңин сиздерге берип, 100 миң сомун биз алалы” деген сунуш менен медицина кызматкерлерине кайрылып жаткан топтор пайда болду. Мына ушундай элге душмандык кылган күчтөр боюнча иликтөө иштери жүргүзүш керек”, - деп билдирди Маматалиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сезим
Уяты жоктор качан Адам болосунар