Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 07:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгерлерди телеканалдар аркылуу кечирим сураткан туура эмес, - министрлик

13.04.2020 10:42
1076
Дарыгерлерди телеканалдар аркылуу кечирим сураткан туура эмес, - министрлик


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев көйгөйлөрдү айтып жаткан медицина кызматкерлерин кысымга алуу туура эмес экенин Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйында айтты.


Анын айтуусуна караганда күч органдары тарабынан кызматкерлерге кысым болуп жатканынан министрлик кооптонуп жатат.

 

“Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да кооптону бар. Кординатор жана жетекчилер менен тыгыз иш алып баруудабыз. Жумушун аткарып жаткан медицина кызматкерлерине, үстүдөн кысым көрсөтпөгүлө деп айтып жатабыз. Ал жерде ар бир медицина кызматкери көйгөйлөрдү айтып жатат. Ал эми телеканалга чыгарып, социалдык тармактар аркылуу кечирим суратуу туура эмес. Бул багытта тийиштүү иштерди алып барабыз”, - деди Үсөнбаев.


Эске салсак, буга чейин  Бектур Апышев аттуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасына,  сапатсыз беткап таратылып жатканын жана мындай шатртта дарыгерлер илдетти жуктуруп аларын айткан. андан көп өтпөй эле Апышев аларга берген беткаптардын сапаты жакшы экенин, ал туура эмес маалымат айтканы үчүн кечирим сурарын билдирип  видео кайрылуу менен чыккан.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн