Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Дарыгерлердин айлыгы, компенсациясы жана башка колдоолор өз убагында чечилет, - Президент

03.08.2020 18:46
911
Дарыгерлердин айлыгы, компенсациясы жана башка колдоолор өз убагында чечилет, - Президент


Дарыгерлердин эмгек акыларын, компенсациялык төлөмдөрдү берүү жана башка колдоолор боюнча бардык маселелер өз убагында чечилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы менен таанышып жүрүп айтты.

Ошондой эле президент бардык региондордо, анын ичинде Ысык-Көл облусунда дагы аймактардагы калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир кыйла көтөрүүгө өбөлгө боло турган комплекстүү ооруканалардын курулушу башталарын белгиледи. Мындай ооруканаларды куруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шарттары боюнча инвесторлор тартылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле Каракол шаарындагы күндүзгү стационардын (50 койко-орун) жана Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы күндүзгү стационардын (28 койко-орун) иштери менен таанышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун маалыматы боюнча, Караколдогу күндүзгү стационарга күнүнө медициналык жардам жана врачтардын кеп-кеңештерин алууга 400гө чукул адам кайрылат. Теплоключенка айылындагы күндүзгү стационар июль айында ачылган, бүгүнкү күнгө чейин миңден ашуун адам тиешелүү медициналык жардамдарды алышкан.

Сооронбай Жээнбеков мындай объектилердин ачылышы аймактардын жашоочуларына өз маалында медициналык жардам көрсөтүүгө чоң кол кабыш болоорун дагы бир жолу белгиледи. Ошентсе да күзгү-кышкы мезгилге Өкмөт жана жергиликтүү бийликтер камылганы өз деңгээлинде көрүшү керек.

Президент ошондой эле  Ак-Суу районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты үстүбүздөгү жылдын июлунда пайдаланууга берилген. Борбор район боюнча 60 миңге жакын жашоочуну тейлейт.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун ишмердүүлүгү менен таанышкан Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, Борбордун жетекчилигин жана медицина кызматкерлерин аталган процессти тездетүүгө чакырды. Бул жерде Мамлекет башчысы эмгек жамааты, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүп жаткан волонтерлор менен баарлашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн