Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дагы 270 дарыгер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

21.08.2020 17:54
1226
Дагы 270 дарыгер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Бүгүн, 21-августа 270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлдө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, алар ордо калаанын, Талас, Нарын облустарынын саламаттык сактоо уюмдарында COVID-19 илдети менен күрөшүүгө салымын кошкон адистер.

Илдеттин очогунда иштеген саламаттык сактоо тармагынын бардык адистерине Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашуун кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы. Ысык-Көлдүн таза абасы, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлерибизге пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, - дейт саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев. 

Жолдомого ээ болгон саламаттык сактоо тармагынын адистери Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн