Кыргыз мамлеттик медициналык академиянын проректору Гүлмира Жумалиева бүгүн, 2-майда болгон брифингде өлкө аймагындагы дарыгерлердин коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу себептерин айтты.
Анын айтымында ишке тартылган медицина кызматкерлеринин арасында илдетти жуктургандар өтө төмөн.
"Ооруну жана анын эпидемиологиялык жагдайларын түшүнбөгөндөн,
коронавирустун айланасындагы коркунучтардан, жана жогоркуу кооптуулукта иштеп
жаткандыктан дартка чалдыккандар бар. Илдетти дарылоого тартылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери
жөн эле тобокел эмес, жогорку тобокелдик менен ишеп жатат. Мындан улам медицина
кызматкерлеринин арасында илдетти жуктургандар көп болот. Ал эми инфекциянын
принциптери белгилүү болду, анын тез таркап кетүүсү, клиникалык оор түрү пневмониялык козгогучтары менен кооптуулукту
жаратат. Мындан улам изоляциялык чектөөлөр коюлду. Эгерде өзүңөрдү жана жакындарыңарды коргоогуңар келсе беткаптарды тагып, 1,5 метр аралыкты сактагыла”, - деди Жумалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн