Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алуусуна эмне себеп болууда? Министрликтин жообу

29.04.2020 10:57
898
Дарыгерлердин коронавирус жуктуруп алуусуна эмне себеп болууда? Министрликтин жообу


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда дарыгерлер арасында коронавирус илдетин жуктуруп алуунун так себептери аныктала элек. Бул тууралуу өпкө оорулары боюнча башкы дарыгер Талант Сооронбаев бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча бирдиктүү пикир айтуу оор жана эмне себептен жуктурган дарыгерлер көбөйүп кеткени тууралуу элементтерди так айтууга болбойт.

Бул боюнча бүгүнкү күндө комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул оорунун адамдарга жугуу даражасы өтө бийик. Биздин дарыгерлер илдетти дарылоодо оорунун уюгуна барып иш алып барышууда. Башында чынын айтканда жеке коргоочу каражаттар жетишсиз болчу. Анын үстүнө коронавирус жаңы илдет болгондуктан тажрыйбанын да жоктугу, даярдыктын аздыгы жуктуруп алуу тобокелчилигин жогорулатты”, - деди ал.

Т.Сооронбаев белгилегендей, бирок Польшажана Кытайдан келген адистер кыргызстандык кесиптештеринин коронавирус илдетин дарылоодо жана анализ алууда колдонгон методдоруна жогору баасын берген.

Биз азыр күнөөлүнү издебей, илдеттүү жеңүү аракеттерин жүргүзсөк жакшы болмок”, - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн