Баш оона 22, 2025
Убакыт: 13:12
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Дарыгерлерге 46 миӊ сомго чейин компенсация берилип жатат, - министрлик

09.04.2020 11:14
1229
Дарыгерлерге 46 миӊ сомго чейин компенсация берилип жатат, - министрлик


Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медкызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.


Анын айтуусуна караганда, төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн: 

1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;

2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.


Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:

- дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;

- орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;

- кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;

- нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин. 


“Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды”, - деди Мирлан Атакулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн