Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгерлерге кошумча төлөм берүү үчүн 95 миллион сом бөлүндү

29.04.2020 11:12
936
Дарыгерлерге кошумча төлөм берүү үчүн 95 миллион сом бөлүндү


COVID-19 дартына чалдыккан жактарды дарылоо процессине тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 95 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, вице-премьер-министри Аида Исмаилованын төрагалыгы астында Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.


Ошондой эле, жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, Саламаттык сактоо министрлигине мурда бөлүнгөн 38,5 миллион сомду кайда сарптаганын угушкан.

 

Андан соң Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду, жыйынтыгында комиссиянын катышып жаткан 15 мүчөсүнүн ичинен 11и бул чечимди колдоп, 4 мүчөсү калыс бойдон калышкан.

 

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин оорунун очогу орун алган аймактарда ишке тартылган саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга 95 млн 584 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр үчүн өтүнмөсү жактырылды.

 

Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлигинин билдирмесиндеги 133 млн 833 миң сом өлчөмүндөгү жетишпеген сумманы каржылоо тууралуу маселени иштеп чыгуу тапшырылды, анткени билдирмедеги көрсөтүлгөн сумма Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн сумманын жалпы көлөмүнөн жогору саналары айтылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн