Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дарыкана, дүкөн жана ооруканада иштегендер үчүн уруксат кагазы иштелип чыгат

24.03.2020 23:31
1155
Дарыкана, дүкөн жана ооруканада иштегендер үчүн уруксат кагазы иштелип чыгат


Бишкек шаарындагы дарыканаларда, ооруканаларда жана ири соода түйүндөрүндө иштеген кызматкерлер үчүн коменданттык штаб тарабынан атайын уруксаат берүүчү кагаз (пропуск) иштелип чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн, 24-мартта өкмөттө болгон брифингде билдирди.


Анын айтымында, учурда уруксаат кагаздын үлгүсү иштелип чыгып, басмаканада басылып чыгарылат.


Буюрса, аталган тейлөө кызматында иштеген кызматкерлерге, ооруканада иштеген врач жана медицина кызматкерлерине коменданттык штабдын потрулдук көзөмөлчүлөрү тарабынан эртеңден баштап таратылып бериле баштайт”, - деди ал.


Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, сырттан азык-түлүктөдү, дары-дармектерди ташып келүү боюнча дагы атайын эрежелер иштелип жатат.


Өзгөчө абал киргизилген аймактарга товарларды жеткирүүчүлөргө, сатуучуларга, айдоочуларга да уруксаат кагаздары берилип, ошонун негизинде жумуштарын аткара алышат.


 “Пандемияга байланыштуу адамдардын бири-бири менен байланышын токтотуу боюнча катуу эскертүү берилет. Өзгөчө абалдын айырмасы - адамдардын байланышын азайтуу болуп эсептелет. Күндүзү зарыл болгон гана учурда үч себеп менен: тамак-ашка, дарыканага жана ооруканага бара алышат. Түндө жүрүүгө таптакыр тыюу салынат. Элдин жашоосу уланышы керек. Ошондуктан уруксаат берүү менен чечүү керек”, - деди ал. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн