Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дарыларды чет өлкөгө сатып жатат деп белгилүү саясатчылар жалган маалымат айтканы өкүнүчтүү, - Өкмөт

13.07.2020 08:10
1151
Дарыларды чет өлкөгө сатып жатат деп белгилүү саясатчылар жалган маалымат айтканы өкүнүчтүү, - Өкмөт


Социалдык тармактарда дары-дармектердин, жеке коргонуучу каражаттардын чет өлкөгө сатылып жаткандыгы тууралуу таркатылып жаткан маалымат чындыкка жатпайт, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы токтому аркылуу Кыргызстандан дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды чыгарууга убактылуу тыюу салынган.

Тиркемеге ылайык, алардын катарында ацетилсалицил кислотасы, парацетамол, ибупрофен, азитромицин амоксициллин-клавулан кислотасы, моксифлоксацин, имипенем, клиндамицин, рокситромицин, цефазолин, цефепим, цефотаксим, цефтриаксон, цефтриаксон+сульбактам, цефтриаксон+тазобактам, цефуроксим, левофлоксацин, дофамин, фуросемид, норэпинефрин, эпинефрин, натрий хлориди, фамотидин же иньекция түрүндөгү омепразол, Рингер эритмеси, шприцтер, медициналык бет каптар, суюктуктарды куюу үчүн жабдуулар сыяктуу дары-дармектер жана медициналык каражаттар бар.

Ошондой эле өлкөдөн механикалык деталдары жана алмаштыруучу фильтрлерсиз, респиратордук бет каптардан, коргоочу медициналык көз айнектерден тышкары, хирургиялык операцияларды жүргүзүүдө медициналык персоналдар жана бейтаптар колдонуучу бир жолку халаттарды, коргоочу костюмдарды, же медициналык халаттарды, медициналык максаттарда вирустук оорулардан коргоочу биологиялык коргоочу костюмдарды, дем алуу жабдууларын жана газ маскаларын чыгарууга тыюу салынган.

Мында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстандан Кытайга коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүнү колдоого алуу үчүн бир жолу гуманитардык жүк жөнөтүлгөн. Жүк кытай тараптын суроосуна жараша түзүлгөн (антисептикалык жана дезинфекциялык каражаттар, жеке коргонуучу медициналык каражаттар).

Өлкөдө бүгүнкү күндө орун алып жаткан эпидемиологиялык абалда чет өлкөгө дары-дармек сатуу тууралуу чындыкка жатпаган маалыматты жайылтуу жоопкерчиликсиз деп эсептейбиз. Мындай маалыматты шайлоо алдындагы кампания менен алектенип жаткан белгилүү саясатчылар таркатып жаткандыгы өкүнүчтүү”, - деп билдирди өкмөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн