Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дарыларды кымбат саткан спекулянттарга сотко чейинки териштирүүлөр башталды

12.07.2020 20:05
1168
Дарыларды кымбат саткан спекулянттарга сотко чейинки териштирүүлөр башталды


Дары-дармек каражаттарын кымбат баада сатып жаткан “спекулянт” алып сатарларга карата бир катар сотко чейинки териштирүүлөр башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Учурда республиканын аймагында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарына жана медбуюмдарга бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган туруктуу түрдө рейддик чараларды көрүүдө.

Мындан улам, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө айрым жеке тараптар дары-дармектерди кымбат баада сатып жатканы аныкталган, муну менен алар мыйзамсыз негизде (тийиштүү лицензиясыз) учурда орун алган дүрбөлөңдөн жана дары-дармек каражататтарынын жетишсиздигинен пайдаланып, акча табууну көздөшкөн.

Аталган факт Финансы полициясы тарабынан мындан аркы контролдук сатып алууларды жүргүзүү үчүн негиз болуп берди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү, анда атайын уруксат кагаздары жок жеке тараптардын дары-дармектерди кымбаттаган баада сатып жаткандыгы боюнча бир катар фактыларды табышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн