Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дарыгерлердин айлык акылары эмнеге кеч берилип жатканын Боронов түшүндүрдү

08.04.2020 17:58
1042
Дарыгерлердин айлык акылары эмнеге кеч берилип жатканын Боронов түшүндүрдү


Өлкө аймагындагы дарыгерлердин саны бурмаланып берилгенинен улам март айындагы эмгек акылары кечиктирилип берилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтты.

 

Анын айтымында, марттын айындагы төлөмдөр кармалып берилүүдө. Бул көйгөй кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилгенден улам келип чыккан.


“Айрым региондордо коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайлап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, - деди Кубатбек Боронов.


Ал эми, апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн