Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дарттан каза болгон милиция кызматкери: Абайлагыла, өтө коркунучтуу оору экен (видео)

29.06.2020 16:06
1132
Дарттан каза болгон милиция кызматкери: Абайлагыла, өтө коркунучтуу оору экен (видео)


Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка караганда, азырынча милициянын ага лейтенанты коронавирустан же башка оорудан каза болгону тууралуу расмий маалымат жок. Учурда дарыгерлер экспертиза жүргүзүүдө, анын жыйынтыгы менен гана өлүмдүн себеби  белгилүү болот. Алдын ала маалымат боюнча ал пневмониядан каза болгон.


 “Абайлагыла, өтө коркунучутуу оору экен. Беткап тагынгыла .Улуттук госпиталь толуп калды... Дагы канчаларды кабыл албай жатат... Шаарда дагы коркунучтуу болуп жатат”, - деген ал буга чейин видео тартып.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин жалпы жааматы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн