Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков Бишкектеги "Бикард" менчик бейтапканасынан кайра УКМКнын тергөө абагына камалды.
Эскерте кетсек, Дашков "Кыргыз темир жолу" ишканасындагы коррупциялык иштерге аралашканы үчүн кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн