Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:08
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Дастан Алдаяров, тамада: “Дөөлөт Сыдыков аянтта манас айтып жатканда, Рыспай Исаков кубанып ошол жерде колдоп жүргөнүн көргөм”

01.10.2022 10:51
7841
Дастан Алдаяров, тамада: “Дөөлөт Сыдыков аянтта манас айтып жатканда, Рыспай Исаков кубанып ошол жерде колдоп жүргөнүн көргөм”


- Дөөлөт Сыдыков борбордо Манас айткан күнү ошол жерде аягына чейин жүргөм. Эл менен кошо Манасчылар баары жүргөн сүрөп дем күч берип, элди Манас, Манас, Манас деп ураан чакыртып сап башында Рыспай Исаков кубанычта жүргөнүн көргөм. Ошондо Нурбек Манасчыдан сурадым Дөөлөт Сыдыков Манастын кайсы жерине келип калды десем:


- Ээ, байке Мисалы: Төө жөнүндө кеп болуп аткан болсо бир туягынан учу айтылып бүтө элек деди, ошондо 20саат айтылып калган эле. Дегеним Манасты күндөп-түндөп айтып эч ким түгөтө албайт, айтып бүтө алган да эмес. Гиннес китеби Манастын тырмагына чак келбейт. Рыспай Исаков Манас айтканы боюнча оюм: Аягында ичин кармалап жатты, өзгөрүп,кезерип кыйналды да адам болгон соң. Мен Дөөлөт Сыдыковду да байкагам Манас айтып жатып ичин кармап ушалап жатканын. Ар бир Манасчы аны кылат. Гиннес деген жаман нерсе экен, токтосо Гиннеске киргизбей салмак, ошон үчүн Рыспай Исаков кыйналганын, дарыгерди, Нурбекти, эшиктин ачылып турганын Манас ыргагына салып эс алганча ат жалына казан асып дегендей билдирип жатты. Аны эмне эле Манасты ушинтип айтабы деп жумурткадан кыр издедиңер. Биз Кыргыздар өзүбүздү өзүбүз артка тарткан эл болбойлу. Калыс сөзүм: Дөөлөт Сыдыков дагы Рыспай Исаков дагы Кыргыз элинин сыймыгына жараган Манасчыларыбыз. Экөөнү тең сыйлайлы. Тиги кыйын, бул кыйын деген пикирибиз менен биз өзүбүздү өзүбүз артка тартып жатабыз. Экөөнүн тең айтканы бир эле Манас. Бир Манастын эли экиге бөлүнүп майда болбойлу!


Дастан Алдаяров, тамада

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
БЕЙШЕКАН БЕЙШЕКАН
Манас айтуу оңой эмес менимче. Чымыны барлар гана айта алса керек..жаттап алып да айтуу мүмкүн да эмес менимче. ИЙГИЛИКТЕР коштосун.
Жибек
Туура соз. Ошончо убакыт токтобой Манас айткан адамда кыйналуу, ач болуу, уйкусуроо болсо ахбалын ымдап билдире албаса лирикалык чегинуу кылып анча мынча соз кошуп кетсе эчтеме эмес, тушунсо болот да.
Акак
Эң туура айтты, бул манасчылар ат көтөргүс жүктү көтөрүп жүрүшөт, түшүнбөгөн, көралбаган ич күйдүлөр оозуна келгенди оттой беришет, манасчыларыбыз аман болушсун, ден соолукта болуп, зор дастаны даңазалай беришсин!!!