Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы каналы аркылуу билдирди.
Депутаттын айтымында, аны Кумтөр иши боюнча чакырган.
"Мени бүгүн Аскер прокуратурасына суракка чакырыптыр. 2016-жылы суу кодекси боюнча мыйзамга добуш бергенбиз. Мен ал мыйзамга каршы болгонмун. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн иштетилишине каршы чыкканмын. Бирок депутаттарды "макул" же "каршы" добуш бергени үчүн суракка чакырышы туура эмес",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн