Айылдарда спирттик ичимдиктерге тыюу салбаш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Телеграмм каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Аксыдагы массалык ууланып каза болгондордун саны 7 эмес 10 болгон.
"Аксыда ууланып каза болгон жарандар айылда спирттик ичимдик тыюу салынгандыктан дарыканадан спирт алып ичишкен. Ошондуктан, айылдарда спирттик ичимдиктерге тыюу салбаш керек. Анын зыянын көбүрөөк айтып түшүндүрүш керек",- дейт депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн