Айрым депутаттарды мен азырга чейин тааныбайм. Мындай пикирин Дастан Бекешев Телеграмм каналы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Максат Сабиров эки чакырылышта да Ак-Суу районунун гана көйгөйүн көтөргөн.
"Бүгүн дагы бир депутат мандатын тапшырды. Максат Сабиров өзү туулган райондун гана көйгөйүн көтөрүп келген. Анын ордуна Акылбек деген спортчу бала депутат болот экен. Билбейм, 6 айга депутат болуп да келеби? Мен азырга чейин айрым депутаттарды тааныбайм",- деди Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн