Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дастан Бекешев: Бишкек ЖЭБине техникалык аудит жүргүзүү зарыл

07.02.2024 12:42
290
Дастан Бекешев: Бишкек ЖЭБине техникалык аудит жүргүзүү зарыл


Бишкек ЖЭБине техникалык аудит жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, Бишкек ЖЭБинин кышкы коргоо мезгилине карата абалы жана даярдыгы министрлер кабинетинде да, Жогорку Кеңеште да каралган.


«Баары жайында экенин, жылытуу мезгилине толук даяр экенин айтышкан, ал тургай резолюция да бар болчу. Биз өзүбүз күбө болдук: көз менен карап эле отуруу көрсөткүч эмес, энергетика тармагына эле эмес, суу, канализацияга да техникалык аудит жүргүзүү керек, баары эскирип калган», - деди депутат.


Д.Бекешевдин айтымында, отун-энергетика комплекси комитети өнөр жай коопсуздугу зонасы боюнча токтомдун аткарылышын иликтеп, ошол эле учурда Бишкек ЖЭБиндеги ишти кароосу керек.


«Баарын оңдоп, реконструкция, модернизациялоону кантип жүргүзөбүз, ошону чечишибиз керек, бардыгын токтомдун негизинде бекитишибиз керек», - деп кошумчалады Д.Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн