Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы тууралуу пикирин билдирди.
Депутаттын айтымында, Темировго карата мыйзамсыз аракеттер болду.
"Кечээ өлкөдөн Болот Темиров мыйзамсыз түрдө чыгарылды. Бул Конституцияга ылайык келбейт.
Ага таарынычы бар адамдар укук коргоо органдары, сот аркылуу мындай кадамга барбаш керек эле. Кыргыз кыргызды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарды",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн