Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Дастан Бекешев Эдил Байсаловго: 2018-жылдан бери бийликтен кызмат сурап кол чаап жүрөсүз

19.01.2022 12:01
708
Дастан Бекешев Эдил Байсаловго: 2018-жылдан бери бийликтен кызмат сурап кол чаап жүрөсүз

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйында Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев санариптештирүү максатына жетпей жатканын билдирди.

 “Элге болгон мамлекеттин кызматын жеңилдетишиңер керек. Соттулугу тууралуу справканы мекемеге барып алса, салык төгүүчүлөр кабинеттен кабинетке чуркап документ толтуруп жүрсө бул санариптештирүү эмес”,- деди эл өкүлү.


 Бекешевдин сынына Вице-премьер Эдил Байсалов үн катты.

“Урматтуу Дастан Далабаевич биз сиз айткан маселелерди толук билебиз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз. Сиз 10 жыл ушул жерде башкаруучу партияда кол чаап отурдуңуз. Биз 2-3 жылда бул маселелерди чечебиз”, - деп жооп берди Байсалов.


“Мен 10 жыл башкаруучу партияда кол чаап отурган жокмун. Санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн көп мыйзамдарды сунуштагам. Өткөрбөй коюшкан. Сиз Эдил Жолдубаевич (Байсалов) 2018-жылдан бери бийликтен кызмат сурап, кол чаап жүрдүңүз. Сизден сураш керек санариптештирүү эмнеге өнүкпөй жатканын”,- деп кайра жооп берди Дастан Бекешев Эдил Байсаловго.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн