Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Дастан Бекешев ИИМ жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды

09.03.2020 13:40
671
Дастан Бекешев ИИМ жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды


Алмата жана Киев шаарларында аялдар демонстрацияларга эч коркунучсуз чыгып жүрүшсө, Бишкекте болсо аялдарды автобуска "таңып" салып атышканы уят, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын президентине жазган ачык катында. Ошондой эле ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматтан алууга чакырды. 


Эл өкүлү белгилегендей, 8-мартта кыргыз аялдарынын колун толгоп, жумуртка менен ургулашканы уят иш.


"Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз мамлекет башчысы катары кыргыз аялдары жумуртка менен ургулоочу объект же бокстачу буюм эмес экенин көрсөтүшүңүз керек. Мен сизден, өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүүнү каалаган жана тең укуктуулукту самаган аялдардын толук укуктуу маршын уюштурууга катышууңузду саранам", - деп билдирди Д.Бекешев.


Ал ошондой эле, Башкы прокуратурага ички иштер министрлигинин аталган иш-чарада кылган аракеттерине жана ондогон катышуучуларды мыйзамсыз кармап кеткендигине баа берүү боюнча тапшырма берүүсүн суранды. 


"Биздин жарандар демонстрацияларды өткөрүүдө милициядан коркуп эмес, тескерисинче алардан коргоону сезиши керек жана шаар аралап эркин басып жүрүүгө укуктуу", - деп кошумчалады. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн