Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дастан Бекешев: Шайлоону жылдыруу керек же үгүт иштерин онлайн жүргүзүү зарыл

04.06.2020 11:34
1265
Дастан Бекешев: Шайлоону жылдыруу керек же үгүт иштерин онлайн жүргүзүү зарыл


Жогорку Кеңештин азыркы 6-чакырылышынын алдыда жети эле отуруму турат, ал эми парламенттик шайлоого аз эле убакыт калды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 4-июнда парламент жыйынында билдирди.


Анын айтымында, 26-июндан баштап 6-июлга чейин парламенттик шайлоо компаниясынын башталышы жөнүндө президенттин жарлыгы чыгышы керек.


“Бирок ошол эле кезде бир топ маселелер чыгып жатат. Биз ушундай эле шартта, азыркы иштеп жаткан нормалар менен барсак, бир топ коркунучтар бар. Коронавирус илдети тилекке каршы азайбай жатат. Эгерде массалык жайылып кетсе же бир активдүү саясий партиянын мүчөсү ооруп калса, анда кайра карантин кийригенге мажбурбуз. Андай учурда саясий партиялар бийлик бизге басым кылып жатат деп айтышы мүмкүн. Үчүнчүдөн кээ бир эпидемиологдор экинчи толкундун башталышы тууралуу айтып жатат, бирок аны биз билбейбиз качан башталаарын”, - деди депутат.


Буга байланыштуу Дастан Бекешев парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу керектигин же болбосо үгүт иштерин башка форматта жүргүзүүнү иштеп чыгууну сунуштады.


Биз ошондуктан массалык маалымат каражаттары аркылуу үгүт иштерин онлайн тартибинде жүргүзсөк, талапкерлер ЖМКнын кеңсесине келип сүйлөп турса болот. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш, коомчулук жана саясий партиялар бир пикирге келип, үгүт иштери кандай кандай негизде жүргүзүү керектигин эртелеп чечип алуу керекпиз. Себеби шайлоого аз гана убакыт калды”, - деп кошумчалады Бекешев.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн