Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун комментарийине жооп берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Билдирүүдө байкалгандай, Дастан Бекешев "Көзүм сокур болсо да, көөдөнүм сокур эмес" деген кийим кийип жооп кайтарган.
Эске салсак, Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сындаган билдирүүсүнө Садыр Жапаров " Көзү эле сокурбу десем, көөдөнү да сокур экен акмактын - помощник" деп пикир калтырган.
Бирок Президенттин маалымат катчысы муну Жапаровдун аккаунтун бузуп, ушинтип жазышкан деп билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн