Садыр Жапаров саясий өмүрүн Кумтөргө арнап, аягында максатына жетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, Садыр Жапаров Кумтөр боюнча өзүнүн максатына жетти.
"Биз Садыр Жапаровду канча сындабайлы, ал акырында өзүнүн жана элдин максатын аткарды.
Канчалаган эл аралык сот аркылуу, өзүнүн өмүрүнө коркутуулар болгонуна карабай президент Кумтөрдү элге кайтарды.
Президент Садыр Жапаров ушул Кумтөр боюнча президент болду.
Бул кен аркылуу канчалаган адамдар байыды, канчасы кыйналды. Бир Кумтөр элди бага албайт алдыга жыла бериш керек",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн