Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дастан Бекешев Жириновскийдин аракетин шайлоо алдында упай топтоо катары баалады

11.08.2021 10:08
717
Дастан Бекешев Жириновскийдин аракетин шайлоо алдында упай топтоо катары баалады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Россия Федерациясынын мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Жириновскийдин кыргыз элчилиги алдында митинг өткөрүп, кыргыз мигранттарынын санын кыскартуу талабы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы каналы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, Жириновскийдин азыркы аракети пиар үчүн.


"Баарыбызга маалым болгондой сентябрда Россиянын мамлекеттик думасына депутаттарды шайлоо өтөт. Буга байланыштуу талапкерлер ар кандай ыкма менен упай топтоого аракет жасайт.

Кечээ Жириновскийдин кыргыз мигранттарынын санын кыскартуу керек деп митинг өткөргөнү да ошол эле маселе. Бирок Жириновскийдин мындай кадамы көптөгөн мигранттардын тагдырына балта чабат",- деди Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн