Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка шайлоо системасын жокко чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, Ленин шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн бюджеттен 18 миллион сом бөлүнөт.
"Келечекте бир мандаттуу шайлоо округунан депутат шайлоо системасын жокко чыгаруу керек. Анткени Ленин шайлоо округунда кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн бюджеттен 18 миллион сом бөлүнөт.
Мындай чыгымдар өлкө үчүн пайда алып келбейт. Балким, кийинки шайлоодо партиялык гана тизме менен гана шайлоо керек",- деди депутат Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн