Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдан өзүнүн талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалым болгондой, Дастан Бекешев бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды.
Ал шайлоого катышуу үчүн элден жардам чогултууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн