Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дастан Бекешев дезинфекциялоонун таасири канчалык экенине кызыкты

14.05.2020 11:57
970
Дастан Бекешев дезинфекциялоонун таасири канчалык экенине кызыкты


Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 14-майда дезинфекциялык иштердин канчалык таасирдүү жана натыйжалуу экенине кызыкты.


Бул суроого жооп берген өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Республикалык ыкчам штабдын чечими менен республика боюнча дезинфекциялык жумуштарды жүргүзүү ӨКМга жүктөлгөнүн билдирди.


Анын айтымында, бул иш-чаралардын алкагында коомдук жайларды, көчөлөрдү жана дүкөндөрдү, базарларды, жолдорду дезинфекциялоо иштерин толугу менен ӨКМнын кызматкерлери алып барышат. Коронавирустан коргонуу аракеттери башталгандан бери 70 тоннадан ашык хлор сарпталган, дагы 50 тоннадан ашык хлор запаста турат.


Саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн маалыматы жана көрсөтмөсү боюнча вирус көбүнчө жерде жашайт экен. Эл көп чогулган жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турушу керек деген сунуштама берилген. Бул ыкманы Кореянын, Япониянын тажрыйбасы боюнча алып жатабыз. Бул өлкөлөр биринчилерден болуп коронавирусту убагында алдын алып калды. Ошондой өлкөлөрдөн үлгү катары алынган тажрыйба”, - деди орун басар.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн