Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев добуш сатып алуу фактысын жарыялаган адамдарга 10 миң сом сый акы берүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Депутат Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрүү демилгесин толук колдой турганын белгиледи.
"Мен Октябрь округунан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн оппоненттериме добуш сатып албоо тууралуу эскертким келет. Келгиле, 5 талапкер 50 миң сомдон көз карандысыз фонд түзүп, добуш сатып алуу фактысын жарыялаган адамдарга 10 миң сом сый акы берели. Эки-үч жолу добуш сатып алган адамдын сүрөтү жарыяланса ал талапкер шайлоодон өзү эле четтейт",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн