Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев элден акчалай жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу ал Телеграмм каналы аркылуу билдирди.
"Урматтуу достор, мен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына өз алдынча шайлоого катышууну туура көрүп турам. Мен ар дайым элимдин үнүн жеткирүүгө аракет кылганмын. Мен кайрадан депутат болуш үчүн 5 миллион топтошум керек. Бул акча үгүтчүлөргө, жарнамалар жана үгүт материалдары үчүн керектелет. Мен бизнесмен болбогондуктан, элимден жардам сурап кайрылам. Мени колдоп, жардам бересиздер деп ишенем. Акча кетирбей депутат боло албайсың" ,- деп билдирүү калтырган.
Мындан сырткары, ал өзүнүн банктын эсеп номерлерин калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн