Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпөөгө чакырды.
Анын айтымында, журналисттерге басым болбошу керек.
"Эгер журналисттик иликтөө чыккан болсо, ага туура жооп кайтарыш керек. Маалымат жыйын өткөрүп же атайын маалмат таратып аны четке кагыш керек.
Анын ордуна журналисттердин жеке жашоосун видеого тартып таратуу туура эмес. Мындай деңгээлге түшпөш керек",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн