Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Дастан Бекешев: "Өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөл күчөтүлүшү керек" (видео)

12.03.2020 12:10
948
Дастан Бекешев: "Өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөл күчөтүлүшү керек" (видео)


Азыркы учурда коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Ошонун айынан дүйнөлүк экономикалык кризис башталды, деп билдирди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.

"Кай жагыңа караба, жалаң каатчылык жөнүндө сөз жүрөт. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Ошондуктан, биз азыртан анын алдыналуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек", - деди Дастан Бекешев.

"Эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек! Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл", - дейт ал. 


Ошондой эле, ал Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл, деп кошумчалады. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн