Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 3-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал бир гана мандаттуу округдан Октябрь округунан талапкерлигин көрсөтөт.
Депутат эл менен жолугушуу учурунда 10 жыл депутат болуп турган учурда эмне менен алектенип, кандай иштерди аткарганы тууралуу отчет берген.
Аны колдоп кесиптештери Наталья Никитенко, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева келген.
Жергиликтүү тургундар Бекешевге бата берип, ийгилик каалаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн