Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кайрадан шайлоого катышат. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал кайра шайлоого баруу үчүн материалдык жардам керек.
"Урматтуу достор, парламенттик шайлоого өз алдынча катышууну чечтим. Мен чындыкты айтып, жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоодон коркпойм. Мага стздердин жардам керек. Сиздер ыктыярчы болуп же каржы жагынан жардам бере аласыздар",- деп банктык эсептеринин сүрөтүн калтырган.
Пикирлер (2)