Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дастан Догоев Санарип лидерлердин клубун жетектейт

22.06.2020 17:24
1057
Дастан Догоев Санарип лидерлердин клубун жетектейт


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, өзүнүн кеңешчиси Дастан Догоев менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Алтынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Мамлекет башчысы Дастан Догоевди Гарвард университетине өтүшү менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы салымын канааттануу менен баса белгиледи жана анын алган билими келечекте республиканы өнүктүрүүгө иш жүзүндө колдонууда пайдалуу болооруна үмүт артты. Дастан Догоевге президенттин кеңешчиси катары өлкөнү санарип трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, ошондой эле санариптештирүү боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана башка артыкчылыктуу багыттарды аткарууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.


Мындан сырткары ал мамлекет башчысынын демилгеси менен түзүлүп жаткан улуттук, регионалдык жана эл аралык эксперттердин башын бириктирген санарип лидерлердин клубун жетектейт жана санариптештирүүнү мындан ары дагы алдыга жылдыруу боюнча конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенет. Ошондой эле калктын санарип көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, аталган чөйрөгө инвестиция тартуу жана санарип өнүгүүгө Технологиялык трансфер борборун түзүү маселелери мамлекет башчысынын көзөмөлүндө болот.


Дастан Догоев көрсөткөн ишеними жана санарип саясатын ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу болбосо, санарип трансформациясы алдыга жылмак эмес.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн