Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Дастан Жумабеков: Апалар маңдайыбызда турганда кадырлап-барктаганды үйрөнөлү

17.05.2020 11:35
1598
Дастан Жумабеков: Апалар маңдайыбызда турганда кадырлап-барктаганды үйрөнөлү


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан айымдарды Энелер күнү менен куттуктады, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.


Энелер күнүн майрамдоо – бул биздин апаларыбызга адал мээнет, ак сүтү, алардын сүйүүсү жана камкордугу үчүн чексиз ыраазычылыгыбызды билдирүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү. Эне – Жараткандын адамзатка берген эң мыкты тартуусу. Ал биздин тизе бүгүп, башыбызды ийип, таазим этүүбүзгө татыктуу. Бекер жеринен исламда “Бейиш эненин таманы алдында” деп айтылбаган. Бейиштин эшиги энелерди урматтап, сыйлагандардын бардыгы үчүн ачык. Алар маңдайыбызда турганда кадырлап-барктаганды үйрөнөлү, чын жүрөктөн чыккан жакшы сөздөрүбүздү аябайлы”, - деп айтылат куттуктоодо.


Анда белгиленгендей, энелер өмүрдүн шам чырагы. Аларга кубанычка толгон жакшы күндөрү да, кыйынчылык учурларда да кайрылабыз. Канчалык чоң жана өз алдынча болбойлу, баары бир энелердин акылман кеңештерине, камкордугуна жана сүйүүсүнө муктажбыз.


“Күндүзү тыным, түнкүсүн уйкусун билбеген ак эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар, бардыгын кечире билген айкөлдүгүңүздөр үчүн башыбызды ийип таазим этебиз! Балдарыңыздар ден соолукта жана бактылуу болуп, алардын камкордугу жана көңүлү ар дайым сиздерди курчап турсун! Майрамыңыздар кут болсун!”, - деп айтылат спикердин куттуктоосунда.

 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн