Тоолуу Карабактагы айрым райондорду Азербайжан Армения менен болгон согуштан кийин курамына өткөрүп алган. Буга байланыштуу Дастан Жумабеков Азербайжанды куттуктады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин жыйынында билдирди.
"Азербайжан элин өз жерин кайтарып алуусу менен куттуктайм. Сентябрь айынан бери Армения менен Азербайжан ортосунда согуш жүрдү. Натыйжада каза болгондорго карата көңүл айтам. Тарыхтарда Тоолуу Карабак Азербайжандын жери деп келет. Азери эли тарыхый мекенин кайтарып алды",- деди экс-спикер.
Ошондой эле Жумабеков эки өлкө ортосунда тынчтык орношуна Рссия президенти Путин менен Түрк президенти Эрдогандын салымы зор экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн