Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Талас облусундагы жетекчиси болуп шайланды. Бул туурасында маалыматты Көк бөрү федерациясы тастыктады.
Федерация облустагы жетекчилер аймактагы көк бөрү командаларынын жетекчилери менен активдеринин добуш берүүсү менен шайлана турганын белгилейт. Башкача айтканда федерация жетекчилиги тарабынан дайындалбайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн